"Ала-Тоо Резортто" заманбап аркан жолу курулуп бүттү

"Ала-Тоо Резортто" заманбап аркан жолу курулуп бүттү

"Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексинде аркан жолунун курулушу аяктаганын долбоорду ишке ашыруучулар билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, учурда аркан жолу сыноо режиминде ишке киргизилип, тестирлөөдөн өтүп жатат. Инфраструктурада аркан жолун иштетүү жана башкаруу үчүн үч станция каралган. Объекттин узундугу 2 миң 280 метрди түзөт.
Аркан жолунун курамына үч станция кирет. Ар биринин электр энергиясын керектөөсү көтөрүлүү бийиктигине жараша болот. В1 станциясы 1 740 метрге чейинки бийиктикти тейлеп, саатына 358 киловатт электр энергиясын керектейт. Ал секундасына 5 метр ылдамдыкта кыймылдап, белгиленген чекитке жети мүнөттө жетет.
В2 станциясы андан жогору аймакты тейлейт жана саатына 654 киловатт электр энергиясын керектейт. Бул тилкеде аркан жолу 540 метр аралыкты тогуз мүнөттө басып өтөт.

Линияда эки түрдөгү кабиналар иштейт — ачык (креслолуу) жана жабык. Ар бир линиянын жалпы сыйымдуулугу 49 орунду түзөт. Аркан жолу аралаш ташуу системасы менен иштеп, жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу жана тең салмактуу бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгиленгендей, жаңы аркан жол инфраструктурасы курорттун негизги объектилеринин бири болуп, туристтердин тоо аймактарына жетүүсүн кыйла жакшыртат. Долбоор коопсуздук жана комфорт боюнча заманбап талаптарды эске алуу менен ишке ашырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media