Кыргызстанда 4 айда инвестициялардын өсүшү 25,5%га жогорулады

Кыргызстанда 4 айда инвестициялардын өсүшү 25,5%га жогорулады

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө негизги капиталга инвестициялардын туруктуу өсүшү катталды.

Үстүбүздөгү жылдын январь–март айларында инвестициялардын жалпы көлөмү 77 млрд 319 млн сомду түзүп, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25,5%га жогору.
Ички инвестициялар 1,2 эсеге көбөйсө, тышкы капиталдын агымы дагы ылдамыраак өсүп, 1,5 эсеге жетти.

Негизги каражаттар пайдалуу кендерди казып алуу тармагындагы объектилерди курууга, кайра иштетүү өнөр жайына, транспорт жана логистика тармагына, ошондой эле энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Бул оң динамика инвесторлордун өлкөнүн реалдуу секторуна жана инфраструктуралык долбоорлорго болгон кызыгуусу жогору бойдон калып жатканын көрсөтөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду