МинКаб 92 гектар жерди илимий-изилдөө институтуна пайдаланууга берди

МинКаб 92 гектар жерди илимий-изилдөө институтуна пайдаланууга берди

Министрлер кабинети Чүй облусунун Сокулук районундагы 92 гектар сугат айдоо жерин К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берди

Бул тууралуу 2026-жылдын 10-апрелиндеги №242-т буйрукта айтылат.

Документке ылайык, сөз Мамлекеттик айыл чарба жер фондунун курамындагы жер тилкеси жөнүндө болуп жатат. Ал З. Кайназарова атындагы айыл аймагында, №68, №70, №71 жана №72 контурларында жайгашкан.

Бул чечим илимий негизделген селекциялык стационарды калыбына келтирүү, дан эгиндери, жүгөрү жана өндүрүштүк кант кызылчасынын жаңы сортторун жана гибриддерин чыгаруу үчүн шарт түзүү, ошондой эле баштапкы үрөнчүлүктү көбөйтүү жана дыйканчылык, топурак таануу, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүү багыттары боюнча стратегияларды иштеп чыгуу максатында кабыл алынган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жер тилкесин өткөрүп берүү жана ага болгон укукту кайра каттоо ишин камсыздоо тапшырылды. Ал эми Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жерге болгон укукту мамлекеттик каттоодон өткөрүшү керек.

Институтка бул жерди максаттуу багытта пайдалануу сунушталды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады