МинКаб КММ сатып алуу тартибин өзгөрттү

МинКаб КММ сатып алуу тартибин өзгөрттү

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле мамлекеттик үлүшү 50% жана андан жогору болгон чарба коомдору үчүн сатып алуулар боюнча типтүү тартипке өзгөртүүлөрдү киргизди.

2026-жылдын 13-апрелиндеги №245 токтомуна ылайык, жол куруу тармагында иш алып барган ишканалар күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) жана мунай продуктыларынын башка түрлөрүн Министрлер кабинетинин чечими менен аныкталган жеткирүүчүдөн сатып ала алышат. Май куюучу жайлардан КММ сатып алуу бул талапка кирбейт.

Мындан тышкары, "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасына мурда кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык КММ жана башка мунай продуктыларын жеткирүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Ошол эле документ менен 2025-жылдын 1-июлундагы №384 жана 2025-жылдын 3-октябрындагы №630 токтомдору күчүн жоготту деп табылды. Бул токтомдор айрым мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик катышуусу бар компаниялар үчүн КММ жеткирүү маселелерин жөнгө салып келген.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн