Ысык-Көлдөн дагы 1200 метр тор алынды

Ысык-Көлдөн дагы 1200 метр тор алынды

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги рейд өткөнүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө инспекторлор тарабынан Ысык-Көлдөн жалпы узундугу 1200 метрди түзгөн эски синтетикалык тор табылып, суудан чыгарылды. Бул торлор балык ресурстарына олуттуу зыян келтирип, көлдүн экосистемасына коркунуч жаратат.

"Учурда бул багыттагы иштер улантылып, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлүүдө. Тиешелүү чаралар көрүлүп, күнөөлүү жактар аныкталууда", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш-чара президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулуп, көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы багытталды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады