Бишкекте муздак суу жана канализация тарифи жогорулашы мүмкүн

Бишкекте муздак суу жана канализация тарифи жогорулашы мүмкүн

Бишкекте муздак суу жана канализацияга болгон тариф жогорулашы мүмкүн экенин мэриянын Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизген “Суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдиктүү тарифтерди, аларга жогорулатылган коэффициенттерди жана үйдүн ички тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтом долбоорунда айтылат.

Документте белгиленгендей, тарифтерди өзгөртүү “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын инженердик инфратүзүмдөрдүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, аны модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн каржылык шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Токтом долбоорунда кызмат көрсөтүүгө бирдиктүү тариф белгилөө каралууда (1 м3):

  • суу менен жабдуу – 15,73 сом (учурдагы баасы 10,45);
  • суу чыгаруу (канализация) – 6,80 сом (учурдагы баасы 3,45 сом).
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады