Бишкектеги ЖЭБ жана жылуулук тармактары салыктардан бошотулат

Бишкектеги ЖЭБ жана жылуулук тармактары салыктардан бошотулат

Министрлер кабинети 2022-жылдын 30-апрелиндеги №236 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Салык кодексинин жана ЕАЭБ келишимдеринин нормаларын колдонуу тартибин жөнгө салат.

Документке ылайык, киреше салыгынан жана кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган уюмдардын тизмесине эки муниципалдык ишкана — Бишкек ЖЭБи жана "Бишкек жылуулук тармактары" киргизилди.

Мындан тышкары, токтомдун текстинде "коммуналдык" ишканалар деген термин "муниципалдык" деп алмаштырылды. Бул өзгөртүү документти учурдагы терминологияга шайкеш келтирет.

Борбор калаанын энергетикалык ишканаларын жеңилдик алган уюмдардын тизмесине кошуу алардын аталган салыктар боюнча жүктөмсүз иштешине шарт түзөт. Бул өз кезегинде шаарды жылуулук менен туруктуу камсыздоого оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

Президенттин креативдүү секторду салыктан бошотуу тууралуу жарлыгында каралган жеңилдиктерден Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары да пайдалана алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Шыкмаматовдун айтымында, жарлыкта “Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, анын ичинде тексттик, графикалык, аудио жана видеоматериалдарды даярдоо, жайгаштыруу жана жайылтуу кызматтары” жөнүндө сөз болот.

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Венесуэла балык чарба тармагында кызматташат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Венесуэланын Балык чарбасы жана аквакультура боюнча элдик бийлик министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандагы элчиси Росальба Ло Буэ менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар балык чарбасы жана аквакультура тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек жылуулук электр борборунда алдыдагы күз-кыш мезгилине карата пландуу оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, иштердин негизги максаты — кыш мезгилинде калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Учурда станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары, ошондой эле имараттары жана курулмалары жаңыланууда. Бекитилген иш тартибине ылайык,

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка  ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads,