Келерки жылы Англияда 250 миң адам ишсиз калышы ыктымал

Келерки жылы Англияда 250 миң адам ишсиз калышы ыктымал

2027-жылдын ортосуна чейин 250 миң британиялык жумушсуз калышы мүмкүн экенин The Guardian гезити жарыялаган.  

Алдыңкы аудитордук Ernst & Young жана Deloitte фирмалары жүргүзгөн эки изилдөөдө мындай учурга Жакынкы Чыгыштагы кырдаал таасир тийгизиши мүмкүн экендигин белгилешүүдө.

Жумушсуздуктун деңгээли 2027-жылдын ортосуна чейин 5,8%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Учурда көрсөткүч 5,2%ды түзөт. 

Тобокелдиктердин көбөйүшүнө жооп катары компаниялар инвестициялык программаларды кыскартуу, чыгымдарды көзөмөлдөөнү күчөтүү сыяктуу консервативдүү каржы саясатын кабыл алышууда. 

Бул чаралар Улуу Британиядагы экономикалык активдүүлүккө жана жумуштуулук динамикасын кошумча кармап турууга таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады