ЖКнын комитети Жалал-Абад эл аралык каржы борборун түзүү сунушун четке какты

ЖКнын комитети Жалал-Абад эл аралык каржы борборун түзүү сунушун четке какты

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети бүгүн "Джалал-Абад эл аралык каржы борбору" эркин экономикалык аймагын (ЭЭА) түзүүнү караган мыйзам долбоорун четке какты.

Эске салсак, демилгечилердин айтымында, Жалал-Абаддагы ЭЭА (мыйзам долбоору шаар дагы "Жалал-Абад" деп аталып турган кезде демилгеленген) аймактын өнүгүшүн тездетүүгө шарт түзмөк. Анда финансылык, брокердик, камсыздандыруу, консультациялык жана башка кызматтарды көрсөткөн компаниялар иш алып бара алышмак.

Долбоорго ылайык, "Жалал-Абад" эл аралык каржы борбору шаардын административдик чегинде жайгашып, функционалдык (сервистик) типтеги ЭЭА болуп саналмак. Ал өзүнүн аймагына, бюджетине жана башкаруу органдарына ээ болмок.

Анын негизги милдеттери төмөнкүлөр:

  • аймактын жана Кыргызстандын экономикасын эл аралык эмгек бөлүштүрүүгө натыйжалуу тартуу;
  • чет элдик капиталды, технологияларды жана башкаруу тажрыйбасын тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
  • мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын каражаттарын чет элдик капитал менен интеграциялоо аркылуу аймактын экономикалык потенциалын өнүктүрүү;
  • кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун өнүктүрүү;
  • Жалал-Абадды эл аралык ишкердик борбор катары өнүктүрүү;
  • кошумча жумуш орундарын түзүү;
  • заманбап сервистик технологияларды калыптандыруу;
  • өлкөнүн фондулук рыногун эл аралык капитал рыноктору менен интеграциялоо;
  • келечектүү стартап-долбоорлордун инвестициялык рынокторго жөнөкөйлөштүрүлгөн чыгышына шарт түзүү;
  • каржылык жана кесиптик кызматтарды эл аралык мыкты стандарттардын негизинде өнүктүрүү;
  • эл аралык деңгээлде каржы борбору катары таанылууга жетишүү.

Мыйзам долбоорун VII чакырылыштын депутаттары демилгелешкен: Мейкинбек Абдалиев, Шаирбек Ташиев, Камила Талиева, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Шарапаткан Мажитова, Алишер Козуев, Гүлшаркан Култаева, Жылдыз Садырбаева, Чыңгыз Ажибаев, Сеидбек Зулпуев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Миргүл Темирбаева, Жылдыз Таалайбек кызы, Чолпон Султанбекова, Таалайбек Сарыбашов, Бакыт Тентишев, Мурадил Сыдыков, Балбак Түлөбаев, Талайбек Масабиров, Нуржигит Кадырбеков, Азамат Исираилов, Тазабек Икрамов, Акылбек Түмөнбаев, Жалолидин Нурбаев, Бекмурза Эргешов, Илимбек Кубанычбеков.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media