Февралда мигранттар Кыргызстанга 224 млн доллардан ашык акча которушкан

Февралда мигранттар Кыргызстанга 224 млн доллардан ашык акча которушкан

2026-жылдын февраль айында Кыргызстанга акча которуулардын жалпы көлөмү 224,2 млн долларын түзгөнүн Улуттук банкы билдирди.

Негизги акча агымы КМШ өлкөлөрүнөн келип, жалпы 208,2 млн долларды түзгөн.

Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген каражаттар 16 млн доллар болгон. Эмгек мигранттарынан жана жеке адамдардан келген акча которуулар өлкө ичиндеги төлөө жөндөмдүү суроо-талапты кармап турууда маанилүү роль ойнойт. Көпчүлүк транзакциялар мурдагыдай эле банктык эсеп ачпастан, тез акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлөт.

2026-жылдын февраль айында Кыргызстан жарандары башка өлкөлөргө 18,9 млн доллар которушкан. Анын ичинен 17,2 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Ал эми алыскы чет өлкөлөргө 1,7 млн доллар которулган.

Ошентип, айдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө акча которуулардын оң сальдосу 205 млн доллардан ашкан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады