Кыргызстанда 36 жылда 200 кен байлыктын 6 алтын кени гана иштетилди – эксперт

Кыргызстанда 36 жылда 200 кен байлыктын 6 алтын кени гана иштетилди – эксперт

Борбордук Азиядагы суу көйгөйлөрүн жана гидроэнергетикалык ресурстарды изилдөө институтунун төрагасы Эрнест Карыбеков кечээ глобалдык энергетикалык жана технологиялык өтүү шартында Кыргызстан жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча ыкмаларды кайра карап чыгышы зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жаңы экономикалык түзүлүшкө өтүп жатат, бирок Кыргызстан бул этапка кайсы ресурстар жана артыкчылыктар менен кирерин алдын ала аныктап алышы керек.

Ал белгилегендей, тоо-кен тармагында негизги көңүл алтынга бурулуп, башка көптөгөн кен байлыктары активдүү иштетилбей калууда. Анын баамында, Кыргызстанда 200дөн ашуун кен орун бар, бирок акыркы 36 жыл ичинде алардын ичинен болгону 6 алтын кени гана активдүү иштетилген.

Карыбеков учурдагы жер казынасын пайдалануу ыкмасын да сынга алды. Анын пикиринде, өлкө кирешенин аз гана бөлүгүн алып, негизги пайда сыртка чыгып кетүүдө. Ушуга байланыштуу ал кендерди биргелешип иштетүү механизмдерин карап чыгууну сунуштады, анда кирешенин негизги бөлүгү өлкө ичинде калмак.

Мындан тышкары, ал өлкөнүн стратегиялык балансында суу, мөңгүлөр жана энергияны өндүрүү, сактоо жана өткөрүүгө байланышкан минералдык ресурстар да камтылышы керектигин айтты. Анын сөзүнө караганда, мындай ресурстар улуттук байлык катары каралышы зарыл.

Эксперт бул үчүн ресурстарды баалоонун методологиясын иштеп чыгуу, мыйзамдык базаны жаңылоо жана бул ишке экономисттерди, геологдорду жана башка адистерди тартуу керек деп эсептейт.

Анын айтымында, ыкмалар өзгөртүлбөсө, Кыргызстан жаңы дүйнөлүк экономикалык түзүлүшкө суверенитетти бекемдөө жана узак мөөнөттүү өнүгүү үчүн жетиштүү база түзбөстөн кирип калуу коркунучу бар.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media