Россияда бензиндин баасы литрине 100 рублга чейин өсүшү мүмкүн

Россияда бензиндин баасы литрине 100 рублга чейин өсүшү мүмкүн

Экономикалык аналитик Денис Миролюбов "Абзац" басылмасына берген маегинде Россияда бензиндин баасы литрине 100 рублга чейин жетиши мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, бир нече фактор бир убакта дал келсе, мындай сценарий орто мөөнөттүү келечекте мүмкүн.

"Азыркы динамиканы эске алганда, бензиндин литри 100 рубль болушу — жакынкы үч жыл ичинде толук мүмкүн болгон сценарий. Россияда күйүүчү майдын баасы дүйнөлүк мунай баасына дээрлик көз каранды эмес. Бизде бааны негизинен акциздер, салыктар, рублдин курсу жана жалпы бюджеттик саясат аныктайт", — деди эксперт.

Ал баанын өсүшүнө таасир эте турган бир нече факторду белгиледи: рублдин долларга карата 100дөн жогору алсырашуусу, мунай компанияларына салык жүгүн көбөйтүү жана өлкө ичинде күйүүчү май тартыштыгы. Анын айтымында, акыркы фактор буга чейин эле байкала баштаган.

Эксперт кескин баа өсүшү макроэкономикалык абал начарлабаса күтүлбөй турганын айтты. Ошол эле учурда, анын пикиринде, жыл аягына чейин бензиндин баасы литрине 70–75 рубль чегинде болушу мүмкүн.

Эске салсак, Татарстан аймагында акыркы маалыматтар боюнча 7–13-апрель аралыгында АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жана дизель күйүүчү майы кымбаттаган. Тактап айтканда, АИ-92 баасы 62,06 рублдан 62,2 рублга, АИ-95 65,75тен 65,97 рублга чейин өскөн. Дизель майы 11 тыйынга кымбаттап, 72,67ден 72,78 рублга жеткен. Ал эми АИ-98 маркасындагы бензиндин баасы өзгөрүүсүз — 89,67 рубль бойдон калган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media