Айыл чарба адистери Россиянын "Центрплем" компаниясынын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашты

Айыл чарба адистери Россиянын "Центрплем" компаниясынын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашты

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Россия Федерациясынын "Центрплем" компаниясы менен биргеликте фермерлерге, техник-уруктандыруучуларга жана ветеринар адистерге арналган илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Иш-чараны кызматтын директору Адилет Сотовалдиев ачып, катышуучуларга анын мазмундуу жана пайдалуу өтүшүн каалап, ийгиликтерди каалады.

Конференциянын жүрүшүндө актуалдуу темалар боюнча презентациялар жасалды:
– жасалма уруктандыруу технологиялары;
– дүйнөлүк генетиканын өнүгүү тенденциялары;
– мал чарбасын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары.
Берилген маалыматтар катышуучулар үчүн өзгөчө пайдалуу болуп, теориялык билим практикалык тажрыйба менен айкалыштырылды. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, суроо-жооп бөлүгүндө фермерлер өздөрүн кызыктырган суроолорго кеңири жооп алышты.

"Центрплем" — асыл тукум мал чарбачылыгы жана жасалма уруктандыруу тармагында иш алып барган заманбап компания. Ал эл аралык тажрыйбаны, алдыңкы генетикалык чечимдерди жана чарбаларды коштоо боюнча практикалык экспертизаны ийгиликтүү айкалыштырат.

Компаниянын негизги багыттары:
– дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрдөн генетикалык материалдарды жеткирүү;
– өзүнүн инновациялык иштеп чыгуулары;
– тармак адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу.

Мындай иш-чаралар мал чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө, фермерлердин билимин жогорулатууга жана заманбап технологияларды кеңири жайылтууга олуттуу салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media