Бакыт Төрөбаев баштаган делегация Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырып жатат

Бакыт Төрөбаев баштаган делегация Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырып жатат

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев баштаган делегациянын Нарын жана Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн иш сапары өлкөнүн аймактык өнүгүүсүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду. 

Иш сапардын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан сунушталган демилгелер, инфраструктураны жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана “жашыл экономиканы” өнүктүрүү багытындагы долбоорлор, региондун туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзө турган негизги багыттар катары белгиленди. 

Белгилей кетүүчү жагдай, Бакыт Төрөбаев президенттин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн ар бир районунун экономикалык потенциалын талдап, натыйжалуу долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча так механизмдерди иштеп чыгуу аракетин көрүп жатат. Бул процессте долбоорлордун экономикалык негиздүүлүгү, экспорттук мүмкүнчүлүгү жана жаңы жумуш орундарын түзүү маселелери артыкчылык катары каралып жатат.

Буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өткөрүлгөн жолугушууларда жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик кызматкерлерге инвестиция тартуу, долбоор жазуу жана аны ишке ашыруу боюнча практикалык багытта колдоо көрсөтүлгөн. Бул иштер аймактардын өз алдынча өнүгүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүп, экономикалык активдүүлүктү арттырууга багытталган.

Жалпысынан өлкө боюнча 200гө жакын ири долбоорду ишке ашыруу планы коюлуп, энергетика, туризм, өндүрүш, билим берүү жана медицина тармактарына өзгөчө басым жасалып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көл облусунда балык уулоо эрежелери жана электрондук билет алуу тууралуу маалымат камтылган QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинен билдиришти. Маалыматтык тактайчалар балык уулоо көп жүргүзүлгөн аймактарга жайгаштырылды. Алар аркылуу жарандар балык уулоо эрежелери менен таанышып, QR-коддун жардамы

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Ата шаарындагы Акматбай Ата көчөсүнүн батыш бөлүгүндөгү каналга мыйзамсыз ташталган курулуш калдыктары тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аймакта курулуш калдыктары топтолгону аныкталып, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде иштер башталды. Тазалоо иштерине шаар мэриясы республикалык казынанын эсебинен алган жаңы атайын техникалар

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарын шаарында Орозбаков, Чаначев жана Ак-Мөөр көчөлөрүнө тротуар жана арыктарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор үлүштүк дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү казынанын эсебинен каржыланууда. Ага республикалык бюджеттен 17 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 7 млн сом каралган. Долбоордун ишке ашырылышы көчөлөрдүн инфратүзүмүн

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" жана "Эркештам" өткөрмө пункттарында өлкөгө киргизилип жаткан өсүмдүк продукцияларына жана жарандардын кол жүгүнө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификаты жана тиешелүү документтери жок мөмө-жемиштер, жашылчалар, картошка, үрөндөр, көчөттөр жана башка