Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсү 2,7%га кыскарды

Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсү 2,7%га кыскарды

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,7%га азайганы Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматтардын талдоосунда айтылат.

Эки айдын жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы соода көлөмү 551,5 млн долларды түзгөн.

Россия Кыргызстанга 452,1 млн долларлык товар жеткирген. Ал эми Кыргызстан Россияга 99,3 млн долларлык продукция экспорттогон. Россиядан Кыргызстанга импорт 0,6%га өскөн, ошол эле учурда Кыргызстан Россияга экспортун 15,1%га кыскарткан.

Белгилей кетсек, алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 3 млрд 846,1 млн долларды түзүп, 1,2%га төмөндөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көлдө балыкчылар үчүн QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду

Ысык-Көл облусунда балык уулоо эрежелери жана электрондук билет алуу тууралуу маалымат камтылган QR-коддору бар 49 тактайча орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинен билдиришти. Маалыматтык тактайчалар балык уулоо көп жүргүзүлгөн аймактарга жайгаштырылды. Алар аркылуу жарандар балык уулоо эрежелери менен таанышып, QR-коддун жардамы

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Атада мыйзамсыз ташталган калдыктар боюнча чара көрүлүүдө

Чолпон-Ата шаарындагы Акматбай Ата көчөсүнүн батыш бөлүгүндөгү каналга мыйзамсыз ташталган курулуш калдыктары тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аймакта курулуш калдыктары топтолгону аныкталып, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде иштер башталды. Тазалоо иштерине шаар мэриясы республикалык казынанын эсебинен алган жаңы атайын техникалар

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарында 24 млн сомдук долбоор: тротуарлар жана арыктар курулууда

Нарын шаарында Орозбаков, Чаначев жана Ак-Мөөр көчөлөрүнө тротуар жана арыктарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор үлүштүк дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү казынанын эсебинен каржыланууда. Ага республикалык бюджеттен 17 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 7 млн сом каралган. Долбоордун ишке ашырылышы көчөлөрдүн инфратүзүмүн

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" менен "Эркештамда" фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

"Карамык" жана "Эркештам" өткөрмө пункттарында өлкөгө киргизилип жаткан өсүмдүк продукцияларына жана жарандардын кол жүгүнө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификаты жана тиешелүү документтери жок мөмө-жемиштер, жашылчалар, картошка, үрөндөр, көчөттөр жана башка