Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүүнүн 5 жылдык программасы даярдалып жатат

Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүүнүн 5 жылдык программасы даярдалып жатат

Кыргызстанда "2026–2030-жылдарга мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү" мамлекеттик программасы коомдук талкууга чыкты. Бул документ алдыдагы беш жыл ичинде тармакты өнүктүрүүнүн негизги багытын аныктайт.

Долбоорго ылайык, программа президенттин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тууралуу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан жана малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Жаңы программа интенсивдүү өнүгүүгө өтүүнү карайт. Өкмөт асыл тукум иштерин күчөтүп, тоют базасын жакшыртуу жана породалардын генетикалык мүмкүнчүлүгүн пайдалануу аркылуу малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну, ошондой эле ички өндүрүштү көбөйтүү үчүн шарт түзүүнү пландап жатат.
Мындан тышкары, тармакты санариптештирүүгө, илимий базаны өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулат. Замандын технологияларын киргизүү мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана мал чарбасында так эсеп жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Документте иш-чаралар планы, көрсөткүчтөр системасы жана каржылоону баалоо да каралган. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик программаны ишке ашыруу боюнча квартал сайын отчет берүүгө милдеттүү болот.

Министрлер кабинети бул программаны кабыл алуу тармакты жаңылоого, туруктуулугун жогорулатууга жана мал чарба продукциясынын импортуна көз карандылыкты азайтууга жардам берет деп эсептейт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media