Айыл чарбанын дүң продукциясы 3 айда 47,9 млрд сом болду

Айыл чарбанын дүң продукциясы 3 айда 47,9 млрд сом болду

Министр Эрлист Акунбеков министрликтин кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, анда жылдын алгачкы үч айында айыл чарбанын дүң продукциясы 47 млрд 923 млн сомду түзгөнү белгиленди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, январь–март айларында айыл чарба продукциясынын ички дүң продукциясынын көлөмү 47 млрд 923 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 102,8%га жеткен.

Жалпы көлөмдүн негизги бөлүгүн мал чарбачылыгы — 98,0%, өсүмдүк өстүрүү — 1,5%, айыл чарба кызматтары — 0,3%, балык чарбачылыгы — 0,2%ды түздү.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мал чарбачылыгында өсүү 2,8%ды, өсүмдүк өстүрүүдө — 1,2%ды түздү. Ири мүйүздүү малдын саны 1,8 млн башка жетип (өсүү 1,7%), кой-эчки — 6,3 млн (0,8%га көбөйдү), жылкы — 565,9 миң баш (2,3%га өстү).

Үй канаттууларынын саны 8,5 млн башка жетип, өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 11,9%га көбөйдү.

2026-жылдын 3 айында негизги продукциялардын өндүрүшү төмөнкүчө болду:

• эт — 100,3 миң тонна (+2,0%)

• сүт — 298,9 миң тонна (+2,5%)

• жумуртка — 201,9 млн даана (+24,6%)

Бир уйдан орточо саалган сүт 368 кг түзүп (өсүү 2,5%), тооктордун продуктивдүүлүгү 50 жумурткага жетип, 22%га жогорулады.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media