Европа биримдигинде мигранттардын саны былтыр 64,2 млн адамга жеткен

Европа биримдигинде мигранттардын саны былтыр 64,2 млн адамга жеткен

2025-жылы Европа биримдигинде жашаган мигранттардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, 64,2 миллионду түзгөнүн Kazinform агенттиги билдирет.

2010-жылы бул көрсөткүч болжол менен 40 миллионду түзгөн. Ошентип, акыркы 15 жылдын ичинде Европа биримдигиндеги мигранттардын саны 60%дан ашык өскөн.

Негизги көрсөткүчтөр:

  • Германия мигранттар эң көп отурукташкан өлкө бойдон калууда, дээрлик 18 млн адам. Алардын 72%ы эмгекке жарамдуу курактагылар. Ошондой эле Германия эң көп качкын кабыл алган өлкө (2,7 млн).
  • Испания акыркы жылдары эң тез өсүштү көрсөтүп, мигранттардын саны 700 миңге көбөйүү менен 9,5 миллионго жетти.
  • Иммигранттардын жалпы калкка карата эң жогорку үлүшү Люксембург, Мальта жана Кипрде байкалат.

Башпаанек сурагандардын дээрлик төрттөн үч бөлүгү Испания, Италия, Франция жана Германияга туура келет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады