Кореядан келген 107 жаран пенсиялык төлөмдөрүн алды

Кореядан келген 107 жаран пенсиялык төлөмдөрүн алды

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган Кыргызстандын жарандары кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алып жатышканын Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомолор боюнча бир жолку төлөм алуу үчүн 144 жаран кайрылган.

Анын ичинен 107 жаранга төлөм дайындалып, толугу менен төлөндү, 37 жаран учурда чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3 789 долларды түздү.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жанаYouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Өзбекстан суу чарбасы боюнча тажрыйба алмашышат

Кыргызстан менен Өзбекстан суу чарбасы боюнча тажрыйба алмашышат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев жумушчу сапар менен Өзбекстанга барып, эки өлкөнүн суу чарба тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Сапардын алкагында Алмаз Жээналиев Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен жолугуп, суу ресурстарын башкаруу,

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 110 миң сом айып пул салынды

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 110 миң сом айып пул салынды

Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төлөм уюму жоопко тартылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмдардын бирине жалпы суммасы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2026-жылдын 12-июнуна карата Улуттук банктын лицензиясын алган төлөм уюмдарынын реестринде 57

Бишкектеги Элебесов көчөсү 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

Бишкектеги Элебесов көчөсү 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

“Дордой” базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын оңдоп-түзөө долбоорунун экинчи этабынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жакынкы күндөрү жасала турган Элебесов көчөсүндө болду. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, долбоорго ылайык, узундугу 1,5 чакырымды түзгөн тилке оңдолуп, жолдун жүрүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 20

Тоголок алтын кенинин башкы объектилерин кытайлык компания курат

Тоголок алтын кенинин башкы объектилерин кытайлык компания курат

“Кумтөр Голд Компани” Тоголок алтын кенин өздөштүрүү долбоорунун негизги өндүрүштүк объектилерин курууну кытайлык “China Nerin Engineering Co., Ltd.” компаниясына тапшырды. Компания долбоорлоодон тартып объектилерди пайдаланууга берүүгө чейинки бардык иштерди аткарат. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтан билдиришкендей, ачык сынактын жыйынтыгында аталган компания алтын ылгоочу фабриканы, калдык сактоочу жайды, вахталык шаарчаны жана кенди