Кыргызстанда 119 мал союучу цехтердин 74ү ветеринардык-санитардык талапка жооп берет

Кыргызстанда 119 мал союучу цехтердин 74ү ветеринардык-санитардык талапка жооп берет

Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова 24-апрелде "Эл үмүтү — Ата Журт" депутаттык тобунун жыйынында республикада канча союу цехи иштеп жатканын сурады.

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директорунун орун басары Кумар Исаков Кыргызстан боюнча 119 союу цехи бар экенин билдирди. Алардын ичинен 74ү ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет, ал эми 45и жооп бербейт.

Депутат 2025-жылы бруцеллёз жана эхинококк оорулары көбөйгөнүн, талаптарга ылайык союу цехтери 1000 метр аралыкта жайгашып, канализациясы болушу керектигин белгиледи.

"Республика боюнча бул талаптарга Ош менен Бишкекте гана жооп берилет, калган аймактарда мындай шарттар жок", — деди ал.

Аманова белгилегендей, айыл чарба жаныбарларынын ооруларынын жайылышына жол бербөө үчүн вакцинация маселелерине жана анын натыйжалуулугуна, союу цехтеринин шарттарына, ошондой эле Беккари чуңкурларына көңүл буруу зарыл.

Анын айтымында, бул маселе айыл чарба жаныбарларынын гана эмес, адамдардын коопсуздугуна да тиешелүү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады