Microsoft Corp. компаниясы кызматкерлеринин 7%ына пенсияга чыгууну сунуштайт

Microsoft Corp. компаниясы кызматкерлеринин 7%ына пенсияга чыгууну сунуштайт

Microsoft Corp. компаниясы Америкадагы миңдеген кызматкерлерине пенсия курагына жеткенге чейин өз ыктыяры менен пенсияга чыгууну сунуштаганын Bloomberg басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул программа жогорку кызматтагы жетекчилерге же иши кирешенин өсүшүнө түздөн-түз таасир эткен адистерге тиешелүү эмес.

Акчалай компенсацияны алып, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу сунушу компаниянын АКШдагы жумушчу күчүнүн болжол менен 7%ын камтыйт. 

2025-жылдын июнь айынын аягындагы маалымат боюнча, Microsoft'тун АКШдагы бөлүмүндө 125 миң адам иштеген.  Белгилей кетсек, өткөн жылы компания 10 миңден ашык адамды жумуштан кетирген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады