Мугалимдердин маянасы 1-апрелден тарта 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин болот – Д.Орунбеков

Мугалимдердин маянасы 1-апрелден тарта 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин болот – Д.Орунбеков

Кыргызстанда социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу болжол менен 300 миң кызматкерди камтырын Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары эмгек акылардын төмөндүгүнөн улам дарыгерлер, мугалимдер, ошондой эле маданият жана спорт тармагындагы кызматкерлер жумуштарын таштап кетип, бул тармактарда негизинен энтузиасттар гана калып келген.

Ал белгилегендей, акыркы 5 жыл ичинде эмгек акылар этап-этабы менен жогорулатылып, шарттар түзүлүп, реформалар жүргүзүлгөн. 2026-жылдын 1-апрелинен тартып эмгек акылар орточо эсеп менен 100%га көбөйтүлдү. Айдын аягына чейин кызматкерлер жогорулатылган айлык акыларын алышат, ошондой эле 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилди.
Мисал катары Орунбеков белгилегендей, шаарда иш стажы жок жаш мугалим мурда болжол менен 14 миң сом алса, азыр 39 миң сомго жакын алат (салыктар кармалгандан кийин — 32 миң сом чамасында). Ал эми тоолуу аймакта 30 жылдан ашык стажы бар мугалим болжол менен 104 миң сом алат (колуна — 90 миң сомдун тегерегинде).
Жаш дарыгер мурда шаарда болжол менен 17 миң сом алса, азыр 42 миң сомдун тегерегинде алат. 30 жылдан ашык стажы бар, тоолуу аймакта иштеген дарыгер болжол менен 91 миң сом алат (колуна — 75 миң сомдун айланасында).

Жалпысынан алганда, мугалимдердин айлыгы орточо 35 миңден 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики 40 миңден 90 миң сомго чейин жана андан жогору болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги "Дельфин" бассейни реконструкцияга даярдалууда

Бишкектеги "Дельфин" бассейни реконструкцияга даярдалууда

Бишкек шаарындагы "Дельфин" бассейнинин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Жаш Гвардия бульварында жайгашкан имараттын учурдагы техникалык абалын аныктоо жана реконструкция иштерине байланыштуу жүргүзүлдү. Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, имараттын конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жүргүзүштү. Текшерүүнүн

ИИМ: Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сом берилет деген маалымат жалган

ИИМ: Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сом берилет деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата жарандарга 5 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилери тууралуу жалган маалымат таралууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жасалма жарыяда жарандарга атайын шилтеме аркылуу каттоодон өтүп, төлөм алуу сунушталууда. ИИМ мындай шилтемелерге кирбөөгө, жеке маалыматтарды, банктык реквизиттерди

25-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

25-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

25-августта Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда электр тармактарын оңдоо жана жаңылоо иштерине байланыштуу айрым жерлерде жарык убактылуу өчүрүлөт. Бишкек электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык, иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык өчүүлөрдү алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Бишкек шаарында төмөнкү аймактарда: - 09:30–17:00 — Чүй проспектиси, №45, 47,

Кадамжайдагы заводдо бетон аралашмаларынын сапаты текшерилди

Кадамжайдагы заводдо бетон аралашмаларынын сапаты текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жайгашкан бетон заводунда сертификаттоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү учурунда адистер өндүрүш процессин карап чыгып, чыгарылып жаткан бетон аралашмаларынын техникалык талаптарга жана ченемдик документтерге шайкештигин баалашты. Ошондой эле лабораториялык сыноо үчүн бетон кубиктеринин үлгүлөрү