Былтыр дүйнө жүзү боюнча коргонууга 2,887 трлн доллар сарпталган

Былтыр дүйнө жүзү боюнча коргонууга 2,887 трлн доллар сарпталган

 2025-жылы дүйнө жүзүндөгү коргонууга кеткен чыгымдар 2,887 трлн долларга чейин өскөнүн Тынчтык маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтунун жылдык баяндамасына шилтеме кылуу менен "Известия" басылмасы билдирди.

Баяндамада аскердик чыгымдар катары 11 жылдан бери өсүп отуруп дүйнөлүк ички дүң продукцияга карата үлүшү 2,5%га жетти. Бул көрсөткүч 2009-жылдан берки эң жогорку деңгээл болуп саналат.

Отчетто белгиленгендей, эң көп каражат короткон өлкөлөрдүн үчтүгүнө АКШ, Кытай жана Россия кирди. Бул мамлекеттер жалпы 1,480 трлн доллар сарптап, дүйнөлүк чыгымдардын жарымынан көбүн түзгөн.

Ошол эле учурда АКШнын аскердик чыгымдары 2024-жылга салыштырмалуу 7,5%га азайганы айтылат. Ал эми Европадагы НАТОнун 29 мүчө өлкөсү 2025-жылы жалпысынан 559 млрд доллар короткон. Алардын ичинен Германиянын чыгымы 24%га өсүп, 114 млрд долларды түзсө, Испания 50%га көбөйтүп, 40,2 млрд долларга жеткирген.

Азия жана Океания аймактарында аскердик чыгымдар 681 млрд долларга жетип, былтыркыга салыштырмалуу 8,1%га өскөн. Бул аймакта экинчи орунда турган Кытай коргонуу тармагына 336 млрд доллар жумшап, негизинен армияны жаңылоого багыттаган.

Мындан тышкары, Bloomberg агенттиги Австралия 800 млн доллардан ашык каражатты бронетехника сатып алууга жана аскердик унааларды модернизациялоого жумшоону пландап жатканын жазган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media