Фрунзе айылында мал чарбачылыгы боюнча заманбап лаборатория ачылды

Фрунзе айылында мал чарбачылыгы боюнча заманбап лаборатория ачылды

Сокулуктун Фрунзе айылында Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтуна караштуу жаңыланган лаборатория ачылды.

Имаратты түп орду менен жаңылоону Түштүк Кореянын KOPIA борбору каржылык жактан колдоп, ал азыр заманбап илимий борборго айланды. Имарат толук капиталдык оңдоодон өтүп, изилдөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Лабораторияны Дүйнөлүк банк каржылаган "Агрардык бизнестин атаандаштык борбору" заманбап жабдуулар менен камсыздады. Жайыт жана тоют багытындагы илимий-лабораториялык изилдөөлөр мал чарбаны өнүктүрүп, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууда маанилүү.

Лабораторияда жайыттарды туура башкаруу жана тоют даярдоо боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. KOPIA борбору мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган - бодо малды жасалма уруктандыруу, үрөн, тоют даярдоо жана тоюттун заманбап системасын киргизүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашырып келет.

Бул заманбап лабораториянын ачылышы — Кыргызстандын мал чарба жана агрардык илимин, айыл чарба тармагын модернизациялоодо маанилүү кадам экени белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Жеке эсептерге кайрымдуулук үчүн акча чогултууга тыюу салуу демилгеленүүдө

Жеке эсептерге кайрымдуулук үчүн акча чогултууга тыюу салуу демилгеленүүдө

Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбооруна ылайык, кайрымдуулук үчүн каражаттарды жеке банктык эсептерге чогултууга тыюу салуу сунушталууда. Маалыматка ылайык, долбоордо кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү үчүн атайын банктык эсеп ачуу милдеттендирилип, чогулган каражаттарды башка максаттарга пайдаланууга жол берилбейт. Ошондой эле кайрымдуулук уюмдары жана акча чогулткан жарандар үчүн мамлекеттик электрондук портал түзүү сунушталууда.

Орусиядагы Кыргызстандын жаранына айлыгы өндүрүлүп берилди

Орусиядагы Кыргызстандын жаранына айлыгы өндүрүлүп берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү эмгек акысы төлөнбөй жатканын билдирген Кыргызстандын жаранынын кайрылуусун карап чыкты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында “Ант Япы” компаниясы кызматкерге тиешелүү болгон 558 миң рубль эмгек акыны толук төлөп берди. Министрлик чет өлкөдө эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын

Мугалимдердин жайкы өргүүсүнө 14 миллиард сом бөлүндү

Мугалимдердин жайкы өргүүсүнө 14 миллиард сом бөлүндү

Быйыл мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттын көлөмү кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Маалыматка ылайык, педагогдордун эмгек акысы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта орточо 100 %га жогорулатылган. Ушуга байланыштуу мугалимдердин эмгек өргүү төлөмдөрүн өз убагында каржылоо үчүн 14 миллиард сом бөлүндү. Эмгек өргүүсүнүн акысы акыркы үч

Соң-Көлдөн 2000 метрге жакын мыйзамсыз тор чыгарылды

Соң-Көлдөн 2000 метрге жакын мыйзамсыз тор чыгарылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте Соң-Көл көлүндө кезектеги рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө көлдүн акваториясы кылдат текшерилип, мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор алынды.