Кытай инвестициялары 2,1 млрд долларга чейин өстү — ЕАӨБ

Кытай инвестициялары 2,1 млрд долларга чейин өстү — ЕАӨБ

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата Кытайдан Кыргызстанга келген түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) көлөмү 2016-жылдагы 826 млн доллардан 2,1 млрд долларга чейин өскөнү  ЕАӨБ даярдаган "Кытай жана Евразия аймагы: инвестициялык агымдарды талдоо" аттуу баяндамада айтылат.

Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан азыр Борбор Азиядагы Кытай инвестицияларынын 5,8%ын алат (2016-жылы — 4,2%). 2022-жылдан бери инвестициялардын жалпы көлөмү дээрлик 1,8 эсеге көбөйгөн.

Кытай инвестициялары негизинен төмөнкү тармактарга багытталган:

  • кен казуу тармагы — 34% же 722 млн доллар;
  • кайра иштетүү өнөр жайы — 37% же 780 млн доллар;

Акыркы жылдардагы негизги долбоорлордун бири — Балыкчы шаарында, Ысык-Көл жээгинде күн электр станциясын куруу.

Ошондой эле стратегиялык маанидеги ири долбоор катары Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу белгиленген.

Мындан тышкары, келечектүү долбоорлор катары төмөнкүлөр белгиленет:

  • Ош облусунда Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology компаниясынын көмүр логистикалык борборун түзүү;
  • Бишкекте Hunan Junxin Environmental Protection компаниясынын катышуусунда катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод куруу.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media