Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева

Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева

Кыргызстандын агартуу министри Догдуркул Кендирбаева өлкөнүн PISA-2025 изилдөөсүндөгү жыйынтыктары мурдагы жылдарга караганда жакшыраак болот деп эсептейт.

Анын айтымында, бул изилдөөнү өткөргөн ОЭСР азырынча жыйынтыктарды жарыялай элек.

Министр белгилегендей, Дүйнөлүк банк жүргүзгөн мониторингге ылайык, Кыргызстанда адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялар натыйжалуу болуп, өсүү көрсөткүчтөрү байкалууда.

Ошол эле учурда ал чоң секирик күтпөө керектигин айтты. Себеби мамлекет билим берүү тармагына системалуу жана активдүү инвестицияларды акыркы эки жылдан бери гана салып баштады. Мурда каржылоо үзгүлтүк болгону менен бирде айлыкка, бирде окуу китептерине бөлүнүп келген болсо, азыр система комплекстүү түрдө өнүктүрүлүүдө.

Анын пикиринде, билим берүү реформаларынын орто мөөнөттүү жыйынтыктары 15 жылдан кийин гана байкалышы мүмкүн. "Билим берүү — бул завод же курулуш эмес, жыйынтык узак убакытта чыгат", — деди министр.


Кыргызстан PISA-2009 жана 2006-жылдагы изилдөөлөргө катышып, эки учурда тең акыркы орундарды ээлеген. 2009-жылдагы жыйынтыктар боюнча окуучулардын басымдуу бөлүгү окуу, математика жана табигый илимдер боюнча минималдуу деңгээлге жеткен эмес. PISA-2025 изилдөөсүнүн жыйынтыктары 2026-жылдын күз айларында жарыяланары күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media