Мугалимдерге кошумча төлөмдөр берилет, бирок эмгек өргүүнүн акчасы көбөйбөйт

Мугалимдерге кошумча төлөмдөр берилет, бирок эмгек өргүүнүн акчасы көбөйбөйт

Президенттик фонддон мугалимдердин айлыгына кошулуучу кошумча төлөм эсептөөгө киргизилбейт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди.

Анын айтымында, кошумча төлөм мугалимдер үчүн 15 миң сомду, ал эми техникалык кызматкерлер үчүн 5 миң сомду түзөт. Бул төлөм бир гана ставка үчүн берилет: эгер мугалим 1,5 ставкада иштесе да, ага баары бир 15 миң сом төлөнөт. Кошумча акча окуу жылындагы иш мезгилинде гана — 10 ай бою берилет.

Эмгек өргүүсүнүн акчасын жана айлыкка байланыштуу башка жөлөкпулдарды эсептегенде бул кошумча төлөм эске алынбайт. Андан 10% өлчөмүндө киреше салыгы кармалат, бирок башка кармоолор жүргүзүлбөйт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады