Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 51%га чейин өстү

Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 51%га чейин өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо маселелерине арналган жыйын өткөрдү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышты. Ал белгилегендей, чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп саналат.

"Акыркы 3 жылда чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 40%дан 51%га чейин өстү. Бул туруктуу экономикалык өсүштүн маанилүү көрсөткүчү. Айрыкча өнүктүрүү фонддору айыл жерлериндеги долбоорлорго көңүл бурушу керек. Долбоорлорду ишке ашырууну каалаган демилгелүү жарандарга тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү зарыл", — деди ал.

Жыйындын катышуучуларына 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү программасынын долбоору сунушталып, "Ишкерлик субъекттерин пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу жеңилдетилген насыялоо" долбоорунун аткарылышы жана ишкерлерди колдоо боюнча көрүлгөн чаралар талкууланды.

Тийиштүү кызмат адамдарына программаны кыска мөөнөттө бекитүү тапшырмасы берилди. Программа ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталып, жеңилдетилген насыя продуктыларын жана кепилдик механизмдерин киргизүүнү карайт. Ошондой эле бизнес окутуу, акселерация жана коштоо системасын өнүктүрүү каралып, бул ишкерлердин жөндөмүн жогорулатууга жана долбоорлордун туруктуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media