Шопоковдогу заводдордун биринде жарылуу болдубу?

Шопоковдогу заводдордун биринде жарылуу болдубу?

Чүй облусунун Шопоков шаарындагы металлургиялык ишканада болгон болушу мүмкүн делген жарылуу боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Металл иштетүүчү заводдогу индукциялык меш жарылганы тууралуу маалымат буга чейин социалдык тармактарда тараган. Бул билдирүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынган.

Текшерүүнүн маалыматына ылайык, 28-апрелде Шопоков мэриясына цехтердин биринде катуу жарылуу жана өрт чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Бирок окуя болгон жерге барган кызматкерлер өрттүн же түтүндүн белгилерин аныкташкан эмес. Өрт өчүрүү фактысы да катталган эмес.

Ошондой эле ишкананын ишмердүүлүгү мурда соттук териштирүүлөрдүн предмети болгону аныкталган. 2026-жылдын январында Сокулук райондук соту индукциялык мештердин ишин токтотуу тууралуу мурдагы чечимди жокко чыгарып, андан кийин завод ишин кайра жандандырган.

Муну менен катар, өз алдынча курулган объектти бузуу жана ишмердүүлүктү токтотуу тууралуу башка сот чечими даттанып, учурда иш апелляциялык инстанцияда каралууда.

Милиция билдиргендей, мүмкүн болгон жарылуу фактысы боюнча текшерүү уланып жатат. Анын жыйынтыгында процессуалдык чечим кабыл алынат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады