Товарды күтүүнү ырастоо системасы ишке киргизилет

Товарды күтүүнү ырастоо системасы ишке киргизилет

 Россиянын өкмөтү тарабынан ЕАЭБ алкагында тышкы соода операцияларында салык көзөмөлүн күчөтүү үчүн иштелип чыккан товарлардын күтүүлөрүн ырастоо системасы (СПОТ) этап-этабы менен ишке ашырыларын "Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров билдирди.

Анын айтымында, система КНС жана акциздик жыйымдар сыяктуу кыйыр салыктарды төлөөнү милдеттүү түрдө ырастоо менен жеткирүүлөрдү жөнгө салууга багытталган.

"Системаны ишке киргизүү 2026-жылдын 1-апрелине пилоттук долбоор катары каралган, бирок орус тарап мөөнөттү жылдырды. Сыноо 1-июнда башталат, ал эми толук ишке ашыруу 1-октябрга пландаштырылган. 1-июндан баштап, жаңы системанын жөнгө салуусуна кирген товарларды Россияга экспорттоодо продукцияны Россиядан алгандыгын тастыктаган документ талап кылынат. Бул документти Федералдык салык кызматынын системасында катталган сатып алуучу - россиялык өнөктөш салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу түзүшү керек", - деп белгиледи Такиров.

Ал белгилегендей, бул ырастоо чек арадан өтүүдө, айрыкча Россия менен Казакстандын ортосундагы тилкеде кечигүүлөрдү болтурбоого жардам берет.

Ошондой эле Такировдун айтымында, алдын ала маалыматка ылайык, Ozon жана Wildberries маркетплейстери аркылуу жеткирүүлөрдү да, ырастоочу документтер менен тариздөө милдеттүү бойдон калууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады