Жыл башынан бери Кыргызстанда инфляция деңгээли 3,9%ды түздү – А.Козубеков

Жыл башынан бери Кыргызстанда инфляция деңгээли 3,9%ды түздү – А.Козубеков

 2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 3,9%ды түзгөнүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, инфляциянын өсүшү Кыргызстанда гана эмес, аймактагы өлкөлөрдө жана негизги соода өнөктөштөрдө да байкалууда.

"Ошол эле учурда өлкөдөгү инфляциялык божомолдор салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул көбүнчө катаал акча-кредиттик шарттар жана валюта рыногундагы туруктуу абал менен камсыз кылынууда", - деди ал.

Козубеков ошондой эле Улуттук банк 2025-жылы эсептик ченди үч жолу - 9%дан 11%га чейин көтөргөнүн эске салды. 2026-жылы чен 12%га чейин жогорулатылган. Мындай чаралар инфляцияны ооздуктоого жана орто мөөнөттүү келечекте максаттуу деңгээлди 5-7%дын чегинде кармоого багытталган.

"Улуттук банк баалардын жана макроэкономикалык туруктуулукту сактоо үчүн монетардык инструменттердин жардамы менен экономикадагы акча сунушун жана ликвиддүүлүктү жөнгө салууну улантууда", - деп баса белгиледи ал.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады