АКШ Иран мунайын иштеткен Кытай компанияларына эскертүү берди

АКШ Иран мунайын иштеткен Кытай компанияларына эскертүү берди

АКШнын Финансы министрлиги Кытайда жайгашкан көз карандысыз мунай иштетүүчү заводдор, асыресе Шаньдун провинциясындагы ишканалар Ирандын чийки мунайын импорттоодогу ролу үчүн санкцияларга кабылышы ыктымалдыгын эскертти.

Министрликтин маалыматына караганда, Кытай Ирандын мунай экспортунун дээрлик 90%ын алат. Анын басымдуусу ошол чакан заводдор тарабынан кайра иштетилип, Тегерандын кирешесине салым кошот.

“Ошол киреше акыр-аягында Иран режимине, курал-жарак программасына жана армиясына пайда алып келет”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Министр Скотт Бессент Х социалдык тармагындагы постунда белгилегендей, Кошмо Штаттар Ислам жумуриятынын эл аралык көмүскө банк инфраструктурасын, көмүскө флотун жана Тегерандын мунай соодасын колдогон кытайлык чакан мунай ишканаларын бутага алуу менен Иранга болгон экономикалык басымды күчөтүүдө.

Бессент Ирандын негизги мунай хабы – Харк аралындагы кара май сактоочу жайлар толуп калганын, өлкө мунай өндүрүүнү азайтууга аргасыз болорун белгиледи. Ал кошумчалагандай, муну менен Тегеран күнүнө 170 млн доллар кирешеден кол жууп, мунай инфраструктурасы жапа чекмекчи.

Бир нече күн мурун Вашингтон Ирандын мунайын сатып алат деген кине менен Кытайдын көз карандысыз Hengli мунай иштетүүчү компаниясына санкция салган.

27-апрелде Бээжин бир тараптуу санкцияларга каршы экенин билдирип, мындай практиканы токтотууга чакырды.

Компания өзү да айыптоолорду четке какты жана Иран менен соода кылбаганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media