Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоого дээрлик 1 млрд сом жумшалат

Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоого дээрлик 1 млрд сом жумшалат

Президент Садыр Жапаров "Майлуу-Суу лампа заводу" ААКсын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ишкананы модернизациялоого Турукташтыруу фондунан 931,6 миллион сом бөлүнөт.

Документ заводдун финансылык-экономикалык абалын жакшыртууга жана жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө багытталган. Министрлер Кабинетине ишкананы стратегиялык объекттердин тизмесинен чыгаруу маселесин кароо, ошондой эле анын базасында индустриалдык парк түзүү тапшырылды.

Жарлыкка ылайык, завод индустриалдык парктын башкаруучу компаниясы болот, ал эми өндүрүш функциялары жана активдери туунду компанияга өткөрүлөт. Ошондой эле мүлк ага 20 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилет.

Каражаттын бир бөлүгү банктарга, Социалдык фондго, энергетикалык жана коммуналдык кызматтарга болгон карыздарды жабууга жумшалат. Инвестициянын негизги бөлүгү өндүрүштү кеңейтүүгө багытталат. Атап айтканда:

— 377,6 млн сом SMD-лампаларды чыгаруу үчүн автоматташтырылган линияларды сатып алууга;

— 276 млн сом айнек продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүүгө жана калдыктарды кайра иштетүүгө жумшалат.

Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга заводдун продукциясын түз келишимдер аркылуу сатып алуу сунушталды, ал эми тиешелүү органдарга энергияны үнөмдөөчү лампалардын импортун көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз