МинКаб Баткен облусундагы алтын жана сурьма кендерин иштетүү боюнча инвесторду өзгөрттү

МинКаб Баткен облусундагы алтын жана сурьма кендерин иштетүү боюнча инвесторду өзгөрттү

Министрлер Кабинети "Кыргызполиметалл" ЖЧКсына "Нурлау" жана "Шаркыратма-Караканыш" сурьма жана алтын кендерин пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча LongShao Group менен кызматташууну карап чыгуу сунушун берди.

Тиешелүү №262-т буйрукка 2026-жылдын 18-апрелинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Документ 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъект болгон "Кыргызполиметалл" ЖЧКсынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында инвестиция тартуу максатында кабыл алынган.

Ушул эле буйрук менен Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы №79-т мурдагы буйругу күчүн жоготту деп табылды. Анда "Кыргызполиметаллга" ушул эле кендер боюнча Thirty Five Investment Holding компаниясы менен кызматташуу сунушталган.

Ошентип, Министрлер Кабинети "Нурлау" жана "Шаркыратма-Караканыш" кендери боюнча потенциалдуу өнөктөштү өзгөрттү.

Thirty Five Investment Holding — Катардагы Доха шаарында жайгашкан үй-бүлөлүк инвестициялык топ болуп саналат. Анын негизги эл аралык борборлору Лондон, Сингапур, Гонконг жана Стамбул шаарларында жайгашкан.

Топтун негизги ишмердүүлүгү тоо-кен тармагына жана стратегиялык ресурстарга багытталган. Компания кобальт, никель, литий, тантал-ниобий сыяктуу глобалдык энергетикалык өтүүгө жана келечек индустрияларына негиз болгон маанилүү минералдар боюнча ири позицияларды түзөт.

Ачык булактарда LongShao Group тууралуу ишенимдүү коомдук маалымат табылган жок.

МинКаб 2026-жылдын 16-январындагы буйругуна ылайык, компанияга Баткен районунда жайгашкан "Нурлау" аянтында сурьма жана алтын казууга уруксат берилген.
Мындан тышкары, "Кыргызполиметалл" "Шаркаратма-Караканыш" участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугуна ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Кыргызполиметалл" ЖЧКсынын жетекчиси Дөөлөталы Памиров, ал эми негиздөөчүсү — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик.

2020-жылы "Нурлау" кенинде сурьманы чалгындоо лицензиясы "Баткен Тоо Кен" ЖЧКсына таандык болгон. Кен Ак-Сай жана Дарыин айыл аймактарында жайгашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media