ИӨБ 80 млн долларлык долбоорду жеңилдетилген насыя менен каржылайт

ИӨБ 80 млн долларлык долбоорду жеңилдетилген насыя менен каржылайт

2026-жылдын 29-апрелинде Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын(ИӨБ) миссиясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны доктор Фарид Ахмед Хан жетектеди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо объекттерин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.

Долбоордун болжолдуу каржылоо көлөмү жеңилдетилген насыя шарттары менен 80 млн долларды түзөт. Анын алкагында Ош шаарында онкологиялык борборду жана Нарын шаарында көп профилдүү оорукананы куруу каралып жатат.

Дамир Осмонов белгилегендей, Ош шаарында онкологиялык борбор куруу Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат жана Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат. Анын айтымында, министрлик долбоордун өз убагында ишке ашырылышы үчүн толук колдоо көрсөтөт. "Бул онкологиялык кызматты өнүктүрүү жана калк үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу багытындагы өтө маанилүү кадам", — деп баса белгиледи министр.

Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жакынкы убакта долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу менен алектене турган консалтинг компаниясы ишин баштай турганын билдиришти. Тараптар сапаттуу долбоордук документтерди даярдоо саламаттык сактоо тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги баскычы экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга жана Кыргызстандын саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media