Ишкерлердин укуктарын бузгандыгы үчүн 247 мамчиновник жоопкерчиликке тартылды

Ишкерлердин укуктарын бузгандыгы үчүн 247 мамчиновник жоопкерчиликке тартылды

2025-жылы ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын бузгандыгы үчүн 247 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат Баткен шаарында өткөн ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин жыйынында айтылды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган мезгилде 233 текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мыйзамдардын 577 бузулушу аныкталган. Ишкерлердин укуктарын калыбына келтирүү үчүн 349 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, 247 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган.

Ошондой эле прокуратура органдарынын кызматкерлери ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы көйгөйлүү маселелерди жана аларды чечүү механизмдерин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

ИӨБ 80 млн долларлык долбоорду жеңилдетилген насыя менен каржылайт

ИӨБ 80 млн долларлык долбоорду жеңилдетилген насыя менен каржылайт

2026-жылдын 29-апрелинде Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын(ИӨБ) миссиясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны доктор Фарид Ахмед Хан жетектеди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо объекттерин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууну талкуулашты. Долбоордун болжолдуу каржылоо көлөмү жеңилдетилген насыя шарттары менен 80 млн долларды түзөт. Анын алкагында Ош шаарында онкологиялык борборду

Тепке-Каракол жолуна асфальт төшөлүүдө

Тепке-Каракол жолуна асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке - Курбу - Жылдыз – Каракол унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, жалпы 3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери каралган. Учурда 16,2 -17,5-чакырым аралыгындагы 1,3 чакырымына бир тараптуу асфальт төшөлүүдө.

Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы КРнын Улуттук банкында болду

Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы КРнын Улуттук банкында болду

Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы баштаган делегация КРнын Улуттук банкында болуп, башкы жөнгө салуучунун иши менен таанышты. Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбен баштаган делегациянын расмий иш сапарынын алкагында, Улуттук банктын ишмердүүлүгү менен таанышуу дагы каралган. Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чет өлкөлүк коноктор Улуттук банктын

140 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өттү

140 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өттү

Бишкек шаарында №132 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бала бакчанынын ачылыш аземине шаардын мэри Айбек Жунушалиев катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка таянсак, салтанатка Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Объект 140 орунга ылайыкталган жана