Зергерчилик өнөр жайын колдоого МинКаб 87,1 млн сом жумшайт

Зергерчилик өнөр жайын колдоого МинКаб 87,1 млн сом жумшайт

Тиешелүү №276-т буйрукка 2026-жылдын 22-апрелинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документ ата мекендик зергерчилик тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо, Кыргызстанда өндүрүлгөн зергер буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тармактагы ишканалардын өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү максатында кабыл алынган.

Буйрукка ылайык, Финансы министрлигине Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети менен макулдашуу аркылуу долбоорду ишке ашыруу үчүн "АБанк" ААКы жана "Элдик Банк" ААКы аркылуу берилүүчү кредиттердин пайыздык чендерин субсидиялоого 87,1 млн сом бөлүү тапшырылды.

Ошондой эле Финансы министрлиги 2026-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна жана 2027–2028-жылдарга пландуу мезгилге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, ошондой эле кийинки жылдарга долбоорду каржылоону карашы керек.

Мамлекеттик салык кызматына жана Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине жеңилдетилген кредит алган карыз алуучулар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жыйынтыктарын квартал сайын Экономика жана коммерция министрлигине берип туруу тапшырылды.

Экономика жана коммерция министрлиги долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүп, 2027-жылдын 1-мартына чейин жыйынтыктарын Президенттин администрациясына сунуштоого тийиш.

Долбоорго катышкан коммерциялык банктарга зергерчилик тармагындагы субъекттерди кредиттөөдө комиссия жана башка төлөмдөрдү албоо сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media