Жеке ишкер болууну каалагандар эмнелерди билиши керек?

Жеке ишкер болууну каалагандар эмнелерди билиши керек?

Өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө кызыккан жарандардын саны күн санап өсүүдө. Бирок ишкерликти ийгиликтүү жүргүзүү үчүн идея жана капиталдын гана болушу - жетишсиз.

Эгерде сиз жеке ишкердик менен алектенүүнү же юридикалык жак түзбөстөн дыйкан чарбасын түзгүңүз келсе, анда алгач Мамлекеттик салык кызматында жеке ишкер катары катталышыңыз абзел. Анткени КРнын салык мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык салык төлөөчү болуп саналган субъекттер - КРда салыктык каттоодон сөзсүз өтүүсү тийиш.

Жеке ишкерди кантип каттоого болот, кандай салык режимдери бар, отчеттор качан тапшырылат жана мыйзам бузулган учурда кандай жоопкерчилик каралган? - ушул жана башка суроолорго “Ишкер медиа” Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте жооп даярдады.

 Жеке ишкер катары кантип катталууга болот?

Жеке ишкерди мамлекеттик салыктык каттоо - КРнын Салык кодексине ылайык жүргүзүлөт. Каттоо салык органында паспорт боюнча катталган жери, жашаган дареги же ишкердик жүргүзүлө турган жер боюнча жүргүзүлөт.

Каттоо үчүн белгиленген формадагы арыз жана паспорттун көчүрмөсү же инсандыгын тастыктаган документ талап кылынат.

Ал эми чет өлкөлүк жарандарга кошумча документтер керектелет: паспорттун мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу; жеке идентификациялык номери (ПИН); убактылуу жашаган жери көрсөтүлгөн каттоонун талону.

Каттоого туруш үчүн сөзсүз салык органына барбастан эле, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн форматта өтүүгө болот. Бул үчүн Калкты тейлөө борборунан электрондук санариптик кол тамга (ЭСК) алуу талап кылынат.

Салыктык каттоодон өткөндө жаранга салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) ыйгарылат. Эгерде жаранда буга чейин эле ПИН болгон болсо, анда ал ИНН катары колдонула берет.

Жеке ишкерлер үчүн кандай салык режимдери бар?

Жеке ишкер салыктык каттоодон өтүүдө өзүнө ылайыктуу салык режимин тандап алат. Төмөнкү салыктык режимдер жеткиликтүү:

жалпы салык режими;
патенттин негизиндеги салык режими (патенттин негизиндеги салык; бирдиктүү салыктын негизиндеги жөнөкөйлөштүрүлгөн система; жогорку технологиялар паркынын режими; майнингге салык; электрондук соодадагы ишмердүүлүккө салык; өзгөчө режимдеги соода аймагындагы ишмердүүлүккө салык; “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагындагы өзгөчө режим; транзакция салыгы).

Салык режимин тандоодо эмнелер эске алынат?

Салык режимин тандоодо төмөнкү жагдайлар эске алынат:

-        экономикалык ишмердүүлүктүн түрү;

-        жылдык кирешенин көлөмү;

-        жалданма кызматкерлердин саны;

-        эсептешүү формасы (накталай же накталай эмес);

-        салыктык отчетту жана төлөмдү берүү мөөнөтү;

-        бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн тартиби;

-        келечектеги 12 айдын кирешесинин көлөмү;

Патенттик салык системасы кандай учурда колдонулат?

Жеке адамдар КРнын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген ишмердүүлүктүн тизмесине ылайык, патенттин негизинде жеке ишкердик же жеке эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүүгө укуктуу.

Ага – кызмат көрсөтүү жана чекене соода жүргүзүү тармактары кирет.

Кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү: текстиль өндүрүшү; жеке тегирменчилик иши; автоунааларды оңдоо жана тейлөө; саналуу орундагы чакан мейманканалар; 10 столго чейин тейленүүчү коомдук тамактануу жайлары; дизайнердик кызматтар; курьердик кызматтар ж.б.

Жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасын колдонуу тартиби

Жөнөкөйлөштүрүлгөн система боюнча иштеген ишкерлер киреше салыгынын, сатуудан алынуучу салыктын жана кошумча нарк салыгынын ордуна бирдиктүү салык төлөшөт.

Бул режим көбүнчө соода сатыкта, өндүрүштө, кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкерлер тарабынан колдонулат. Ал эми салыктын ставкасы төмөнкү факторлорго жараша аныкталат:

-        экономикалык ишмердүүлүктүн түрү;

-        кардарлар менен төлөм жүргүзүүнүн формасы;

-        экспорттук жана импорттук операциялардын болушу.

Жалпы салык режимин колдонгон субъекттер салык органына арыз берүү менен, келе жаткан календардык кварталдын биринчи айынын башына чейин жөнөкөйлөтүлгөн системага өтө алышат. Бирдиктүү салыкты төлөө арыз берилген кварталдан кийинки кварталдын биринчи күнүнөн башталат.

Башка атайын салык режимдерин колдонгон субъекттер салык органына арыз берүү менен жөнөкөйлөтүлгөн системага өтө алышат. Бирдиктүү салыкты төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн башталат.

Эгерде субъект бир нече иш-аракеттерди жүргүзсө, анда бирдиктүү салык ар бир иш-аракеттин түрү үчүн КРнын Салык кодексинин 423-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча өзүнчө эсептелет.

Накталай же накталай эмес төлөмдөр боюнча айырмачылык болобу?

Болот. Мыйзамдарда накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр үчүн ар башка салык ставкалары каралган. Бул өзгөчө сатуудан алынуучу салыкка жана бирдиктүү салыкка тиешелүү.

Жалпы салык режими кайсыл учурда колдонулат?

Жалпы салык режиминде иштеген салык төлөөчү КРнын мыйзамдарында каралган мамлекеттик жана жергиликтүү салыктардын бардыгын төлөйт.

Мамлекеттик салыкка: киреше салыгы; пайда салыгы; кошумча нарк салыгы (КНС); акциз салыгы; жер казынасын пайдалануу салыктары; сатуудан алынуучу салык кирет.

Ал эми жергиликтүү салыкка - мүлк салыгы гана кирет.

Кошумча нарк салыгын кимдер төлөйт?

Жеке ишкер жалпы салык режиминде иш жүргүзгөндө же товарларды импорттогон учурларда - КНС төлөөчү болуп эсептелет.

КНСтин негизги ставкасы 12 % түзөт. Айрым учурларда мыйзамга ылайык "0" пайыздык ставка колдонулат.

Салык отчеттору качан тапшырылат?

Отчеттуулук мөөнөтү тандалган салык режимине жана салыктын түрүнө жараша аныкталат. Айрым ишкерлер отчетту ай сайын тапшырса, башкалары квартал сайын тапшырышат. Мыйзам боюнча отчет берүү мөөнөтү ар бир салык боюнча өзүнчө белгиленет.

Отчетту кеч тапшырса эмне болот?

Салык мыйзамдарын бузган учурда төмөнкү айып пулдар каралат:

-        жеке жактар үчүн – 1 миң сом;

-        жеке ишкерлер үчүн – 3 миң сом;

-        юридикалык жактар үчүн – 7 миң сом.

Мындан тышкары, Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган ишкерлер жана уюмдар үчүн дагы - 7 миң сом айып каралган.

Салыкты кеч төлөсө эмне болот?

Салык белгиленген мөөнөттө төлөнбөсө, ар бир кечиккен күн үчүн туум эсептелет. Туумдун өлчөмү карыздын суммасына жана кечиккен күндөрдүн санына жараша аныкталат.

Эгерде салык отчеттору тапшырылбаса эмне болот?

Салык декларацияларын өз убагында тапшырбоо салыктык укук бузуу болуп саналат жана КРнын Салык кодексине жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык салыктык санкцияларга алып келет.

Айып пулдун көлөмү жеке ишкерлер үчүн –3000 сом жана юридикалык жактар ​​үчүн – 7000 сом. Мындан сырткары айрым учурларда мыйзамда каралган атайын санкциялар колдонулушу мүмкүн.

Кирешени жашырган учурда кандай жоопкерчилик каралат?

Эгерде салык органдары кирешени жашыруу фактыларын аныктаса:

-        кошумча салыктар эсептелет;

-        туумдар жана айыптар салынат;

-        кошумча текшерүүлөр жүргүзүлөт;

-        документтер талап кылынат;

-        мыйзамда каралган учурларда материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Ишкерликти баштоодон мурда эмнелерди жасоо керек?

Ишкердикти баштаардан мурда ишкерлерге төмөнкү кадамдарды аткаруу сунушталат:

  1. Салыктык каттоодон өтүү;
  2. Өзүнө ылайыктуу салык режимин тандоо;
  3. Зарыл болгон лицензияларды жана уруксаттарды алуу;
  4. Киреше жана чыгаша эсебин жүргүзүү;
  5. Салык төлөө жана отчет тапшыруу мөөнөттөрүн үйрөнүү;
  6. Салык кызматынын электрондук сервисине туташуу.

Салык төлөөчүлөр үчүн кандай электрондук кызматтар жеткиликтүү?

Бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөр төмөнкү санариптик кызматтарды пайдалана алышат:

-        Салык төлөөчүнүн кабинети;

-        электрондук отчеттуулук системасы;

-        электрондук санариптик кол тамга (ЭСК);

-        электрондук эсеп-фактуралар;

-        онлайн режимде маалымат берүү функциясы бар ККМ;

-        “Salyk.kg” мобилдик тиркемеси;

-        каттоо жана кайра каттоо боюнча электрондук кызматтар.

Айрым категориядагы ишкерлер үчүн ККМ, электрондук эсеп-фактура, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар жана электрондук отчеттуулук милдеттүү болуп саналат.
💡
Жеке ишкерликти баштоодо - туура салык режимин тандоо, мыйзам талаптарын сактоо жана отчеттуулукту өз убагында тапшыруу чоң мааниге ээ. Бул ишкерге кошумча айыптардан жана көйгөйлөрдөн сактанууга, бизнесин мыйзамдуу жана туруктуу өнүктүрүүгө жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI Mastercard’ды ишке киргизет: премиалдык саякаттар, LoungeKey жана дүйнө жүзү боюнча артыкчылыктар

BAKAI Mastercard’ды ишке киргизет: премиалдык саякаттар, LoungeKey жана дүйнө жүзү боюнча артыкчылыктар

BAKAI жаңы Mastercard карталарын, Mastercard Gold жана премиалдык Mastercard World Elite картасын ишке киргизет. Карталар кыргыз сому (KGS) жана евро (EUR) валюталарында жеткиликтүү болуп, кардарларга күнүмдүк төлөмдөр, эл аралык сатып алуулар жана дүйнө жүзү боюнча саякаттар үчүн ыңгайлуу чечимди сунуштайт. Mastercard World Elite – премиалдык деңгээлдеги комфорт Mastercard World Elite жогорку

Данияр Калматов Юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Данияр Калматов Юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Данияр Калматов Юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 1993-жылы Кыргыз техникалык университетинин алдындагы Бухара технологиялык институтун инженер-технолог адистиги боюнча, ал эми 1999-жылы Москва мамлекеттик социалдык университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Акыркы жылдары Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору кызматын аркалап

"BAKAI & Шоро менен жай": сүйүктүү суусундуктарыңды сатып ал да, жүздөгөн белектерге ээ бол!

"BAKAI & Шоро менен жай": сүйүктүү суусундуктарыңды сатып ал да, жүздөгөн белектерге ээ бол!

BAKAI Шоро менен бирге 2026-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин өтө турган "Жай мезгили BAKAI & Шоро менен" аттуу масштабдуу жайкы акцияны кайрадан баштайт. Эми сүйүктүү куюп берилүүчү суусундуктар чаңкооңузду гана кандырбастан, iPhone 17 Pro Max, 4 AirPods, Dyson фен-стайлери жана жүздөгөн башка белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Акцияга катышуу

Тынчтык Шайназаров кайрадан БШКны жетектемей болду

Тынчтык Шайназаров кайрадан БШКны жетектемей болду

3-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Бөдөш Мамырова ачты. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча