Айыл чарба жана ишкердикти колдоого алты айда 7,6 млрд сом насыя берилди

Айыл чарба жана ишкердикти колдоого алты айда 7,6 млрд сом насыя берилди

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен "Элдик Банк" ААК биргеликте ишке ашырып жаткан мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында 7 млрд 606,1 млн сом көлөмүндө насыя берилди.

Министрликтин маалыматына ылайык, алты ай ичинде жалпысынан 5 миң 690 жеңилдетилген насыя берилген. Мамлекеттик программалар айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кайра иштетүү тармагын, ошондой эле чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоого, өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган.

Алты айдын ичинде төмөнкү программалар боюнча каржылоо жүргүзүлгөн:

  • "Айыл чарбасын каржылоо – 14" – 4 миң 363 насыя, жалпы суммасы 2 млрд 629,3 млн сом;
  • "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө (АКК)" – 937 насыя, жалпы 1 млрд 885,9 млн сом;
  • Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин каржылоо – 259 насыя, жалпы 2 млрд 504,9 млн сом;
  • "Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү" – 125 насыя, жалпы 549,7 млн сом;
  • "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" – 5 кредит, жалпы 36 млн сом;
  • "Мөмө-жемиш питомник чарбасын өнүктүрүү" – 1 насыя, 300 миң сом.
Министрлик белгилегендей, мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программалары айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын жана чакан, орто бизнести өнүктүрүүдө маанилүү инструмент бойдон калууда. Өлкөдө бул багыттагы колдоо чаралары өндүрүштүн өсүшүнө жана аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзүп жатат.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media