Экспорттоочулардын сертификаттоо чыгымдарынын 50%ын кайтарып берүү сунушталууда

Экспорттоочулардын сертификаттоо чыгымдарынын 50%ын кайтарып берүү сунушталууда

Экономика министрлиги ата мекендик өндүрүүчүлөр менен экспорттоочуларды колдоо максатында алардын продукцияны сертификаттоого, кайра сертификаттоого жана чет өлкөлүк лабораторияларда сыноодон өткөрүүгө кеткен чыгымдарынын бир бөлүгүн мамлекет тарабынан кайтарып берүүнү сунуштоодо.

Долбоорго ылайык, чыгымдардын бир бөлүгүн кайтаруу боюнча арыздарды кабыл алуу жана каражаттарды төлөп берүү үчүн жооптуу орган катары Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору аныкталат. Бул механизм 2027-жылдын 1-январынан тартып иштей башташы пландалууда.

Долбоорго ылайык, шайкештик сертификатын алуу, кайра сертификаттоодон өтүү  жана чет өлкөлөрдөгү аккредиттелген лабораторияларда продукцияны сыноо үчүн мамлекет чыгымдардын 50% кайтарып берүүнү, аны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 50 млн сом каражат бөлүүнү сунуштап жатат. Анын ичинен 40 млн сом сертификаттоо жана кайра сертификаттоого, дагы 10 млн сом чет өлкөлүк лабораториялардагы сыноолорго багытталат.

Ошондой эле долбоордо чыгымдары жарым-жартылай кайтарылып берилүүчү эл аралык стандарттардын тизмесин бекитүү каралган. Арыздарды кароо үчүн атайын комиссия түзүлөт. Колдоо төмөнкүдөй продукцияларды изилдөөгө каралган:

-        сүт азыктары;
-        эт жана эт азыктары;
-        балык;
-        мөмө-жемиш жана жашылча;
-        бал, жаңгак жана кургатылган жемиштер;
-        кайра иштетилген тамак-аш продукциясы;
-        экспортко багытталган башка продукциялар.

Экономикалык жактан алганда, демилге кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн эл аралык талаптарга жооп берген продукцияны өндүрүү жана аны тышкы рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Айрыкча айыл чарба жана тамак-аш продукциясын экспорттогон ишканалар үчүн сертификат алуу жана лабораториялык сыноолорго кеткен чыгымдардын жарымын кайтарып берүү экспортко чыгуудагы каржылык жүктү азайтышы күтүлөт.

Коомдук талкуудагы бул токтомдун долбоору боюнча сунуш-пикирлер 2026-жылдын 7-сентябрына чейин кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте "Асман Резиденс-1" турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабралды. Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнө - УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, ИИМ, Чек ара кызматы, ЖАМК жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө "Менин үйүм" программасы аркылуу берилди. Президент белгилегендей, жыл аягына

Ишкер Media
Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасында болуп, түшүм жыйноо жана күздүк себүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайк, быйыл ишкана 64,7 тонна буудай, 24,6 тонна арпа жыйнады. Жалпы түшүм - 89,3 тонна. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды.

Ишкер Media
Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

БШК бүгүнкү жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКсын аныктады. Бул тууралуу комитеттен билдиришти. Маалым болгондой, аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын которууга уруксат берилди.

Ишкер Media
Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media