Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

Жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товар аныкталды

“Нарын” бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган товарлардын ири партиясын өткөрүү аракетине бөгөт коюшту.

Бажы кызматынан маалымдагандай, КЭР жараны башкарган жүргүнчү ташуучу автобусту текшерүү учурунда, бажы кызматкерлери белгиленген тартипте декларацияланбаган жалпы салмагы 460 кг жакын 20 товарлардын түрүн табышкан.

Аныкталган жүктүн ичинен 240 комплект камуфляждык кийим, 120 даана атайын форма жана кепка, спорттук бут кийим, автоунаа тетиктери жана башка товарлар бар болгон.

Аныкталган товарлардын жалпы чекене баасы 558 849 сомду түздү. Аталган факт боюнча материалдар андан аркы процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Билдирүүгө караганда, көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы эки эселенген өлчөмдө — 257 756 сом өндүрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын кубаттуулугун жогорулатууга багытталган модернизация иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 агрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат. Долбоордун алкагында реконструкция 2024-жылы башталган. Буга чейин №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, жалпы кубаттуулук

Ишкер Media
Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, рейддик иш-чаралар райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте

Ишкер Media
Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин сапатын текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Жол чарба департаменти, шаардык прокуратура, мэрия жана тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда комиссиялык түрдө өттү. Жыйынтыгында суу өткөрүүчү лотокторду орнотууда жана тышкы жарыктандырууда долбоордон четтөөлөр жана

Ишкер Media
Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Талас шаарында "Региондорду экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишкерлер жана стартап идеясы бар жарандар менен маалыматтык жана B2B форматындагы жолугушуу өттү. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарада “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКсынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик каржылык колдоонун механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары

Ишкер Media