Быйыл Кыргызстанда кумшекердин тартыштыгы болбойт

Быйыл Кыргызстанда кумшекердин тартыштыгы болбойт

2026-жылы Кыргызстанда "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" ишканалары биргелешип 85–88 миң тоннага жакын кумшекер өндүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн Чүй облусунун Панфилов райондук администрациясында аким, "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" ААКнун өкүлдөрү жана жергиликтүү дыйкандар менен болгон жолугушууда маалымдалды.

Билдирүүгө караганда Кыргызстанга жылына 120 миң тоннага жакын кум шекер талап кылынат. Өлкөнүн бул ички керектөөсүнүн болжол менен 70%ын - "Кошой" жана "Кайыңды-Кант" заводдору камсыздай алат.

Ал эми кант кызылчасын өстүргөн дыйкандар үчүн быйыл түшүм жакшы болгону менен, аны жыйноо жана заводдорго жеткирүүдө чыгымдар көбөйүп жатканын белгиленүүдө.

Жайыл жана Панфилов райондорунан келген кызылча өстүргөн дыйкандардын айтымында, былтыр аба ырайынын ысык болушунан улам кант кызылчасынын түшүмү төмөн болгон. Быйыл түшүм кыйла жакшы болгону менен, аны жыйноо жана ташуу үчүн керектелүүчү күйүүчү-майлоочу майдын баасы дыйкандарга олуттуу чыгым алып келүүдө. Андыктан алар литри 105 сомго чейин жеткен күйүүчү майдын баасын төмөндөтүп берүүнү акимге сунушташты.

Кант кызылчасы сууну, эмгекти жана олуттуу чыгымды талап кылган айыл чарба өсүмдүгү болгондуктан, дыйкандар бул тармакты өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоонун маанилүү экенин белгилешүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media