Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болду
Бүгүн, Эсептөө палатасында Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чара мамлекеттик кызматка жаңыдан кабыл алынган кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи менен башталды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, отурумда өлкөнүн социалдык-экономикалык тармагын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маанилүү отчет каралды. Атап айтканда, 2023–2024-жылдар аралыгында социалдык контракттын негизинде көрсөтүлгөн жардамдын натыйжалуулук аудити боюнча отчет сунушталды.
Муну менен катар, Кеңештин мүчөлөрү Транспорт жана коммуникациялар министрлигине мурда жөнөтүлгөн жазма буйруктун айрым пункттарын жокко чыгаруу маселесин карашты.
Ошондой эле, Эсептөө палатасынын 2026-жылга карата Аудитордук иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана ведомствонун 2023–2025-жылдарга карата финансылык отчеттуулугуна жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин жыйынтыктарын карап чыгышты.