Социалдык контракт. Мамлекеттен 150 миң сомду кантип алса болот?

Социалдык контракт. Мамлекеттен 150 миң сомду кантип алса болот?

Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан тартып, мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыты болгон жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгаруу үчүн турмуш-шартын жакшыртууга, ошондой эле алардын өз алдынча иш менен камсыз болушу үчүн шарттарды түзүү максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан "Социалдык контракт" программасы ишке ашырылууда.

Программанын негизги максаты — үй-бүлөлөрдүн экономикалык өз алдынчалыгын жогорулатууга, жеке ишкердигин өнүктүрүүгө жана алардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга шарт түзүү.

Программага кимдер катыша алат?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомуна ылайык, белгиленген талаптарга жооп берген үй-бүлөлөр социалдык контракт түзүүгө укуктуу.

Атап айтканда, төмөнкү талаптар аткарылышы зарыл:

  • үй-бүлөнүн аз камсыз болгон же жакыр үй-бүлө экендигин тастыктаган документи болушу — социалдык паспорту же «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алуучу статусу;
  • социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алууга ыктыярдуу макулдугу;
  • бизнес-планынын болушу;
  • мүлктүк потенциалынын болушу.

«Социалдык контракт» программасына катышууга кызыкдар жарандар тиешелүү арыз менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алышат.

Катышуучуларды тандоо кандай жүргүзүлөт?

Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Программанын катышуучуларын, алардын программаларын, бизнес-пландарын же долбоорлорун бекитүү, ошондой эле акыркы тандоо жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечиминин негизинде Социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Социалдык контракт түзүлгөндөн кийин программанын катышуучуларына өз ишин баштоо үчүн 150 000 сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет.

Ал каражаттар бизнес-планда көрсөтүлгөн ишти баштоого жана программанын шарттарына ылайык тандалган ишмердик багытын өнүктүрүүгө жумшалат.

Ишкердикти өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүк

Программа баштапкы колдоо көрсөтүү менен гана чектелбестен, ишкердик демилгелерди мындан ары өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк берет.

Жыл сайын 1 000 социалдык контракттын катышуучусуна мурда берилген каражаттардын эсебинен түзүлгөн бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Пайызсыз насыянын өлчөмү 200 000 сомго чейин, аны төлөө мөөнөтү 3 жылга чейин түзөт.

Пайызсыз насыялар «АБанк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу берилет.

Насыя алуу үчүн социалдык контракттын катышуучусу банкка ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документти — жоопкерчилиги чектелген коомдун (ЖЧК) же жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу документти же патентти — көрсөтүүгө тийиш.

Программага катышуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт

Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алуу ыктыярдуу негизде гана жүзөгө ашырыларын белгилей кетүү маанилүү.

Бул Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы №214 «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Мыйзамынын 121-беренесинде белгиленген.

Ошентип, «Социалдык контракт» программасы үй-бүлөлөргө өз ишин баштоо үчүн каржылык колдоо алууга, ошондой эле белгиленген талаптарды сактоо менен аны мындан ары өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарт түзөт.

Программага катышуунун шарттары тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу талап кылынат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media