Башкы прокуратура ишкердин 950 миң сомдон ашык салык карызын эсептен чыгарды

Башкы прокуратура ишкердин 950 миң сомдон ашык салык карызын эсептен чыгарды

Башкы прокуратура салык органдары тарабынан ишкердик субъекттердин салыктык жүгүн азайтуу боюнча мыйзам талаптарынын аткарылбаганын аныктады. Маалыматка ылайык, «П» ЖЧКсынын 950 миң сомдон ашык салык карызы салыктык жүктү азайтуу боюнча мыйзамдарга ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болгон. Бирок, иш жүзундө аткарылган эмес.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, компания бир нече жолу кайрылганына карабастан, карызды эсептен чыгаруу боюнча өз убагында чара көрүлбөй келген. Тескерисинче, салыктык администрациялоо маалыматтык системасы аркылуу компаниянын ашыкча төлөгөн каражаттарынан аталган карызды жабууга эсептөө жүргүзүлгөн.

Башкы прокуратуранын прокурордук чара көрүү актысы каралгандан кийин Бишкек шаарындагы тиешелүү салык органы 950 миң сомдон ашык салык карызын эсептен чыгарган.

Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматы ашыкча төлөнгөн суммадан эсептен чыгарууга жатпаган салык карыздарын автоматтык түрдө жабууга жол бербөө боюнча чараларды көрдү.

Башкы прокуратура ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо жана мамлекеттик органдардын мыйзам талаптарын так аткаруусун камсыз кылуу боюнча иштерди уланта бермекчи.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media