Боршайком КРнын Президентин шайлоону өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитти

Боршайком КРнын Президентин шайлоону өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы КРнын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 200 000,0 миң сомду болду. Боршайкомдун маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн сумманын - 646 560,0 миң сом 2026-жылга, ал эми 553 440,0 миң сом 2027-жылга каралган.

Конституциялык мыйзамынын 56-беренесине ылайык кайра добуш берүүнү өткөрүүгө каралган 240 000,0 миң сом, ошондой эле КРнын чегинен тышкары жүргөн жарандардын добуш берүүсүн камсыз кылууга багытталган 53 200,0 миң сом ушул суммага киргизилген. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору КРнын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча түзүлөт.

·       Сметада 2 653 участкалык шайлоо комиссиясынын материалдык-техникалык камсыздалышына жана иштешине байланыштуу чыгымдар каралган.

·       Сметада участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө кеткен чыгымдар да каралган. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде алардын айлык сый акысынын өлчөмү 3,0–8,0 миң сомду түзөт.

·       Мындан тышкары, 1 609 тартылган операторго, 600 техникалык колдоо тобунун адисине, ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө тартылган башка адистерге сый акы төлөө каралган.

·       ошондой эле шайлоо документтерин, жабдууларды жана таркатылуучу материалдарды БШКдан АШКларга жана УШКларга ташууга кеткен чыгымдар каралган.

·       ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылууга, эл аралык делегациялардын катышуусунда расмий иш-чараларды уюштурууга байланыштуу өкүлчүлүк чыгымдар каралган.

Шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыздоонун олуттуу бөлүгү борборлоштурулган тартипте жүргүзүлөт. Зарыл болгон товарлар, жабдуулар, документтер жана материалдар белгиленген тартипте сатып алынып, алардын муктаждыктары эске алынуу менен аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Смета шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу жана шайлоо участокторунун иштеши үчүн зарыл болгон жумушчулардын санын, ошондой эле уюштуруучулук, маалыматтык, техникалык жана материалдык-техникалык камсыздоонун көлөмүн эске алуу менен түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media