Кыргызстан 2027-жылы жаңы финансылык отчеттуулук стандарттарын ишке ашыра баштайт

Кыргызстан 2027-жылы жаңы финансылык отчеттуулук стандарттарын ишке ашыра баштайт

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта финансылык отчеттуулук боюнча эки жаңы эл аралык стандарт күчүнө кирет. Алар IFRS 18 жана IFRS 19 стандарттары. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы маалымдады.

Билдирүүгө караганда, IFRS 18 — «Финансылык отчеттуулукта маалыматты көрсөтүү жана ачып берүү» стандарты 2024-жылдын апрель айында Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш (IASB) тарабынан чыгарылган. Ал финансылык отчеттордогу маалыматтарды көрсөтүүгө жана ачып берүүгө карата жалпы талаптарды белгилейт.

Ал эми IFRS 19 — «Коомдук отчеттуулукка милдеттүү эмес туунду уюмдар: маалыматты ачып берүү» стандарты 2024-жылдын май айында кабыл алынган.

Бул стандарт айрым туунду уюмдарга IFRS стандарттарын колдонууда маалыматты ачып берүү боюнча кыскартылган талаптарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Эки стандарт тең 2027-жылдын 1-январында же андан кийин башталган жылдык отчеттук мезгилдер үчүн күчүнө кирет. Ошол эле учурда аларды белгиленген мөөнөттөн мурда колдонууга уруксат берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media