АӨБдүн колдоосу менен Улуттук электрондук логистика системасын (NELS) түзүү талкуланууда

АӨБдүн колдоосу менен Улуттук электрондук логистика системасын (NELS) түзүү талкуланууда

Бүгүн Улан-Батор шаарында КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Инмин Ян менен жолугушту. Анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын регионалдык хаб катары өнүгүшү, жашыл экономика жана энергетика, жашыл каржылоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууда бизнес чөйрөсүн колдоо, жеткирүү чынжырларын жана өнөр жай кооперациясын чыңдоо тууралуу да сүйлөшүштү.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, өзгөчө көңүл Улуттук электрондук логистика системасын (NELS) түзүү боюнча практикалык кадамдарга бурулду. Бул демилге сооданы жана логистиканы санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат жана Кыргызстандын регионалдык хаб катары макамын бекемдөөгө багытталган.

АӨБ Кыргыз Республикасынын электрондук логистиканы өнүктүрүү демилгесин алдын ала колдогон. Биринчи этапта банктын колдоосу менен NELS боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Ошондой эле NELS боюнча техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо жана долбоорду ЦАРЭС программасынын алкагында ишке ашыруу үчүн АӨБдүн мындан аркы техникалык колдоосу талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар практикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media