Кыргызстанга келген туристтердин агымы 1,4 эсеге көбөйдү

Кыргызстанга келген туристтердин агымы 1,4 эсеге көбөйдү

2026-жылдын январь-июнунда 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эс алуучулардын саны дээрлик 1,4 эсеге көбөйүп, 1,9 млн адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашып, 2026-жылдын 1-июлуна карата КРда туризм чөйрөсүнө байланышкан экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган 158,2 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект катталгандыгын билдирди.

Билдирүүгө караганда, туризм чөйрөсүндөгү жеке ишкердик менен - 140 миңге жакын жеке жак алектенет, бул катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын 88,5 пайызын түзөт.

2026-жылдын январь-июнунда туристтерди кабыл алууну жана тейлөөнү 604 эс алуу мекемеси жана туризм уюму жүзөгө ашырды, анын ичинде 99 адистештирилген жайгаштыруу каражаты, 367 мейманкана жана окшош жайгаштыруу каражаты, 12 табигый парк жана корук, ошондой эле 126 башка туристтик объект бар.

Белгиленген убакыт ичинде туризм чөйрөсүндө түзүлгөн дүң кошумча нарк, алдын ала баалоо боюнча, 34 млрд сомду же ИДПга карата 3,6 % түздү (2025-жылдын январь-июнунда — 3,5 пайыз).

Туризм объекттеринин курулушуна негизги капиталга 15,9 млрд сом инвестиция жумшалган, бул 2025-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 1,3 эсеге көп.

КРнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-июнунда чет өлкөлүк жарандардын КРнын чек арасынан өтүү саны (жарандык алган өлкөсү боюнча) 4,9 млн түздү. Чек арадан өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) негизги бөлүгү Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Кытайдын жарандарына туура келди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media