Тигүү ишканалары үчүн "Экспорттук акселератор" окуу программасы башталды

Тигүү ишканалары үчүн "Экспорттук акселератор" окуу программасы башталды

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” борбору ЕККУнун Кыргызстандагы программасы жана “Текстиль өнүктүрүү борбору” менен биргеликте тигүү тармагындагы ишканалар үчүн “Экспорттук акселератор” аттуу окуу программасын баштады.

Окууга тигүү ишканаларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда. Эл аралык эксперттер экспорттук ишмердүүлүк, эл аралык маркетинг, чет өлкөлүк сатып алуучуларды издөө жана экспорттук сатуу боюнча практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.

Программа 2025–2028-жылдарга карата “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын алкагында ишке ашырылууда. Анын негизги максаты — тигүү ишканаларынын Европа Биримдигинин жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн рынокторуна чыгышын колдоо.

Окутуунун биринчи күнүндө катышуучулар экспорттук ишмердүүлүктүн негиздери, эл аралык маркетинг, чет өлкөлүк сатып алуучуларды издөө жана экспорттук сатуу боюнча билим алышат. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана коммерциялык сунуштарды даярдоо боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүшөт.

Акселератордун алкагында катышуучуларга жеке насаатчылык, продукцияны сертификациялоо боюнча консультациялар, ошондой эле бизнес-миссияларды уюштурууга жана эл аралык көргөзмөлөргө катышууга колдоо көрсөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media